Кыргызстанда 13 миң адам 2 миң сомдон төмөн пенсия алат

17:51, 11 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 13 миң адам 2 миң сомдон төмөн пенсия алат. Бул туурвлуу Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу Арстанбек Абдуллаев билдирди.

Анын маалыматында, эң аз пенсия 896 сомду түзөт.

1-октябрдан тарта пенсия көлөмү көбөйтүлүп, анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түздү.