Футбол федерациясына Медер Сыдыков президент болуп шайланды

13:19, 11 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Футбол федерациясына Медер Сыдыков президент болуп шайланды.

Анын талапкерлигин 27 өкүлдүн 24ү колдоду.

Ал эми мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановго 3 адам добуш берди.

Белгилей кетсек, Медер Сыдыков буга чейин футбол биримдигинин башкы катчысы кызматын аркалап келген.