АКШда 27 жаштагы кыргыз жаранын полиция кызматы атып өлтүрдү

16:24, 08 октября 2021, Бишкек - 24.kg

АКШда 27 жаштагы кыргыз жаранын полиция кызматы атып өлтүрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, М.Н. аттуу кыргыз жараны денесине тийген бир нече октон каза тапты.

Кыргызстандын элчилиги АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Ички коопсуздук министрлигине кайрылып, окуя боюнча маалымат суралды.

Каза болгон жигиттин туугандары сөөгүн жакынкы күндөрү Кыргызстанга жөнөтүүгө даярданууда.

Белгилей кетсек, окуя Пенсильвания штатында болгон. Маркум тракт айдап иштеп жүргөн. Ал иштен кеткенде компания ага 3 миң долларды төлөп бербегендиктен трактты айдап качкан. Чакырууга келген полиция кыргыз жаранын кууп, ок чыгарган.