Бишкектеги № 67 мектеп карантинге жабылды

12:17, 08 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги № 67 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
 
Анын айтымында, 11-класстын жана 9-класстын окуучулары covid-19 менен ооруп калды.
 
«Андан сырткары бир мугалимден дагы вирус аныкталды. Андыктан мектеп карантинге жабылды», — дейт ал.
 
Мектеп 18-октябрга чейин онлайн окууда болот.