05:03
USD 87.45
EUR 89.73
RUB 0.86

Бишкекке таштанды завод курууга алынган 10 миллион евро дайынсыз сарпталган

Европа өнүктүрүү банкы Бишкектин четинде таштанды куруу үчүн бөлүнгөн 22 миллион евронун 10 миллионун дайынсыз сарптаган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.

Шаар мэри таштанды талаасы учурда экологиялык катастрофага жакындап калганын мойнуна алды.

«Биз эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы менен түзүлгөн келишимдин мыйзамдуулугун карап чыктык. Алар таштанды талаасын рекультивация жана түтүн чыккан аймактарын жаабуу иштерин жүргүзүшү керек эле. Бирок андай иштер болгон эмес. Биз алар менен соттошууга даярбыз», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар