COVID-19. Кыргызстанда 851 миң адам эмдөөдөн өттү

10:26, 07 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 466 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 998 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 468 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 851 миң 778 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 645 миң 340 жаран экинчи компоненти менен эмделди.