Аба-ырайы. Айрым аймактарда үшүк жүрөт

10:24, 07 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын төрт облусунда үшүк жүрүп, абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 7-октябрда Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.