13:52, 06 октября 2021, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-октябрдагы отурумунда «Министрлер кабинети тууралуу», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу» жана «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун 2-окуудан карап жатат.
Мыйзам долбоорун караган профилдүү комитеттин мүчөсү жана мыйзамдын автору Аалы Карашев долбоорго бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады. Анын айтымында, өзгөртүүлөргө ылайык, министр боло турган адамдарга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
Аалы Карашев белгилегендей «Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам долбоорунун 1-беренесинде «Аткаруу бийлигинин башында президент турат» деп жазылган.
Мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга министрлер кабинетинин төрагасынын 1-орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров да маалымат берүүдө.
Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык «Министрлер кабинети жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.
Министрлер кабинетинин төрагасы болуп ага чейинки премьер-министр Улукбек Марипов дайындалган.