«Талибан» жоочулары чек арага жакын аймактан жүздөгөн кишини күч менен алып чыгып кетишти.
Эки миңдей ооган качкыны бир айга чукул убакыттан бери Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусуна караштуу Ишкашим району менен чектеш жерде турушкан. Талибдер чек ара аймагынан чыгып кетүү үчүн калган качкындарга бир сутка убакыт берди.
Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору Тажикстан менен чектеш аймакта тургандарды качкындар эмес, ички кайрылмандар деп атады.
Ооганстандын түндүк райондорунун жүздөгөн жашоочулары ооган-тажик чек арасындагы Ишкашим тилкесине коңшу өлкөгө өтүп кетүү үмүтү менен келишкен. Бирок тажик чек арачылары аларды өз аймагына киргизген жок.
«Озоди» радиосунун Ишкашимдеги өз булагы күн мурун талибдер качкындардын бирин өлтүргөнүн билдирди.
Качкындардын арасында Панжшер өрөөнүнүн көптөгөн жашоочулары бар.
«Биз өтө оор абалда калдык. Талибдер бир үй-бүлөнү өлтүрүп таштагандан кийин Панжшерден бул жакка келдик. Кишилердин сөөгү үйдүн ичинде калды, талибдер ал жакка эч кимди киргизбей, дарбазаны жаап салышты. Биз Кабулга качып бардык, кудайга шүгүр, аман калдык. Бирок Кабулда иш жок, көптөгөн киши ачка отурат. Биз тааныштарыбыздан карызга акча алып Тажикстан чек арасынан өтүп кетүү үчүн бул жакка келгенбиз», — деди качкындардын бири.
Бул арада Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Амонуддин Мансур 4-октябрда Синьхуа агенттигине 600дөй кайрылман Тажикстан чек арасынан үйлөрүнө кайтарылганын маалымдады. Ал кишилер куралдуу кагылышуу учурунда качууга аргасыз болгонун, азыркы бийлик алардын коопсуздугун камсыздагандан кийин баары үйлөрүнө кайтканын белгиледи.
Качкындар болсо талибдер аларды коркуткандан кийин артка кайтууга аргасыз болушканын билдирип жатышат.