Шашылыш билдирүү. Айрым аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт

10:24, 05 октября 2021, Бишкек - 24.kg

5-7-октябрларында өлкө аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу 
Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.