Ош облусунда жер титирөө катталды

10:19, 04 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала саат 02:46да болду.

Ал Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.