12:55
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

COVID-19. Бир суткада 43 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 4-октябрга карата коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 4, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 34, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 712 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 839 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 671 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 783 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 608 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар