«Кыргызстан сулуусу-2021» сынагын Алтынай Ботоярова жеңип алды

10:44, 01 октября 2021, Бишкек - 24.kg

«Кыргызстан сулуусу-2021» сынагын Алтынай Ботоярова жеңип алды. Сынак кечээ Бишкек шаарында өтүп, анда 31 бийкеч атаандашкан.

Уюштуруучулардын айтымында, жеңүүчүгө 400 миң доллар берилип, 5 миң долларга жасалган таажы ыйгарылды.

Фото

Алтынай Ботоярова модель болуп эмгектенет.

Белгилей кетсек, былтыры бул сынакты Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоева жеңип алган.