Аялды коляскасы менен маршруткага албай койгон айдоочу каттамдан алынды

15:22, 30 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Аялды коляскасы менен маршруткага албай койгон айдоочу каттамдан алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, айдоочусу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталды. 

Азыркы учурда  айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин райондук ИИБнын дознание бөлүмүнө жеткирилүүдө.

Кошумчалай кетсек 203 машурттук каттамдын биргадасын текшерүүгө алып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 000 сом айып салынды.