Балалуу аялды маршруткага албай койгон айдоочу жазаланат

13:36, 30 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Балалуу аялды маршруткага албай койгон № 203 каттамдын айдоочусуна чара көрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, № 203 каттамды тейлеген «Совет бригады» ишканасынын жетекчиси мэрияга чакырылды.

Айдоочуга айып салуудан кызматтан кетирүүгө чейин чара көрүлөт.

Белгилей кетсек, бүгүн № 203 маршрутканын айдоочусу балалуу аялды коляскасы менен салонго киргизбей койгон.