Курманбек Бакиевдин кеңешчиси Өзгөн шайлоо округунан ат салышат

14:04, 30 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси Элмырза Сатыбалдиев парламенттик шайлоого катышат. Ал бир мандаттуу округтан катталуу үчүн арыз жолдоду. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

Элмырза Сатыбалдиев № 12 шайлоо округу аркылуу ат салышат.

Белгилей кетсек, Элмырза Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин учурунда бир топ жогорку кызматтард ыаркалаган. «Кызматтык абалына кыянаттык» беренеси менен соттолгон.