09:24
USD 89.43
EUR 96.86
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 69 кишиден вирус аныкталып, 1 киши каза болду

Кыргызстанда 29-сентябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 38, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 9, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 49, Чүй облусунда — 20, Ош шаарында — 3, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 828 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 649 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 444 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 102 киши айыгып чыкса, 2 миң 605 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар