Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары эмне жеткиргени айтылды

13:46, 28 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары эмне жеткиргени айтылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Мамлекеттик резерв фондунан 30 тонна ун жана 10 тонна сахар бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга гуманитардык жардам жеткирип, «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн.