— «Куш тумоосу» диагнозу Ветеринария боюнча улуттук референт борборунда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында ырасталды. Эпизоотологиялык изилдөө — тумоо үй канаттууларына көлмөдөгү жапайы куштардан жукканы аныкталды, — деди облустук акимчиликтин Ветеринария башкармалыгынын башкы адиси Нариман Тасболатов.
Анын айтымында, вирустун бар-жоктугун текшерүү үчүн коңшу айылдардан да үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.
Түндүк Казакстан облусунун бийлиги куш тумоосунун алдын алуу үчүн быйыл 1,2 миллион доза вакцина сатып алган. Алардын 1,5 миңден ашыгы Лебяжье айылындагы канаттууларга сайылган.
2020-жылдын аягында жогорку патогендүү куш тумоосунан улам аймакта 1,5 миллиондон ашык куш кырылган.