Кыргызстанда бир жуманын ичинде 15 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталган

15:06, 27 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 14 миң 896 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— жогорку ылдамдыкта айдоо — 2 152;

— тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 183;

— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн — 5 252;

— транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн — 6 254;

— айнектерин караңгылатуу — 43;

-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн — 212. Ал эми ар кандай эреже бузган 632 айдоочунун автоунаасы айып короосуна токтотулган.