Баткенде 1 миң 200 орунду орус тилдүү мектеп курулат

13:58, 23 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Баткен шаарына 1,2 миң орундуу орус тилдүү мектеп курулат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарына Россия Федерациясы 1 миң 200 орундуу орус тилдүү, бардык шарттары менен комплекстүү мектеп куруп берет. Ал үчүн шаардык мэриясы Чет-Булак кварталынан 2 га жер тилкесин бөлгөн.

«Бүгүн Россиядан келген атайын эксперт Радик Юлбаев мектеп комплекси үчүн бөлүнгөн жерде шаар башчысы Имамназар Бурканов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Россия өлкөсүнөн келген эксперт 2022-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдү Башкортостан Мамлекеттик педагогикалык университетине бюджеттик негизде окуучуларды кабыл алып, адистерди даярдап берүүгө даяр экендигин билдирди», — деп айтылат маалыматта.