Kумтөрдүн ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды

08:37, 23 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга же Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин узартылды. Мындай чечимди парламент депутаттары Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алды.

Быйыл 17-февралда Кумтөр кенинин ишин иликтеген депутаттык комиссия түзүлүп кийин ал мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.