Ошто бир тууганын бычактап өлтүргөн жаран кармалды

11:20, 21 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Ошто шаарынын Манас-Ата аймактык башкармалыгында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү ага-ининин ортосунда талаш чыгып, улуусу кичүүсүнө бычак сайган. Ал ошол жерде каза тапкан.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.