Парламенттин мурдакы депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

15:22, 20 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Парламенттин мурдакы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылганы айтылат.

2013-жылы «Н.К.» Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.

Кубанычбек Нурматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.