09:34, 20 сентября 2021, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу аймактан ат салышууга дагы үч талапкер арыз жолдоду. Бул тууралуу Боршайком билдирет.
№30 Ысык-Ата аймагынан Байыш Курманов, №15 Базар-Коргон Айбек Алтынбеков, №31 Чүй-Кемин аймагынан парламенттин мурдакы спикери Канат Исаев катышмакчы.
Белгилей кетсек, шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолу ат салышуу партиялык жана бир мандаттуу аймактар аркылуу жүргүзүлөт.