19:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаров ЖККУ өлкөлөрүн кыргыз-тажик чек арасына көңүл бурууга чакырды

Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирет.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарап Уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирерин белгиледи.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар