USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Жанар Акаев сурактан үч саатан кийин чыкты

08:45, 16 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Депутат Жанар Акаев Ички иштер министрлигинин имаратына кирип кеткенден кийин үч сааттан ашык убакытта чыкты.

Анын айтымында, ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жаткан иш боюнча сурак берди. Ошондой эле ал эки иш (аудиожазуу жана маданият өкүлдөрүнүн кайрылуусу) бир өндүрүшкө бириктирилгенин айтты.

Акаев бийликти басып алууга кылган аракети боюнча айыптоолорду күлкү келтирерлик деп атап, бийлик соттун жардамы менен саясатчылардын шайлоого катышуусуна тоскоол болбойт деп үмүт кыларын айтты.

Эске салсак, бүгүн депутаттар Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМге суракка чакырылган. Буга чейин аталган саясатчылар бир партияга биригип, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу боюнча сүйлөшүп жатканын айтышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика