Жанар Акаев милицияга суракка чакырылды

16:22, 15 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев милицияга суракка чакырылды. Маалыматты өзү ырастады.

Ал сурак берүү үчүн бүгүн 17.30да ИИМдин тергөө кызматына барат.

Белгилей кетсек, ички иштер министринин мурдакы орун басары Курсан Асановго бийликти басып алуу аракети боюнча иш козголгону маалымдалды. Анын жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, мындай айып Алмазбек Атамбаев, Жанар Акаевге дагы тагылууда.