Владимир Путин Душанбедеги ЖККУ жыйынына келбейт

16:02, 14 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүп жатып, обочолонууга мажбур болуп жатканын билдирди. Себеби анын айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жумада Тажикстандын Душанбе шаарында ЖККУ жана ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин лидерлеринин бир нече жыйыны өтөт. Путин ал жыйындарга видео-конференция режиминде катышат.