17:15
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

ОшМУнун мугалими 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош мамлекеттик университетинин мугалими 40 миң сом алып жаткан учурунда колго түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Ноокат районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ОшМУнун окутуучусу баласын ЖОЖго киргизүү үчүн $1 миң 200 пара талап кылгандыгын кабарлаган.

Белгилүү болгондой, кечээ, 13-сентябрда, ОшМУнун кызматкери Ө.А. айтылган каражаттын бир бөлүгүн, 40 000 сомду Токтогул эс алуу багынан алып жаткан учурунда колго түшкөн. Учурда убактылуу кармооочу жайга киргизилди. Алгачкы тергөөдө арыздануучудан анын баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн $1 миң 200 сураганын моюндаган.

Учурда бул факт боюнча жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде иш козголду, тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар