USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Ош шаарындагы Бабур атындагы драма театрын оңдоого $5 миллион сарпташат

09:08, 14 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Ошто Бабур атындагы драма театрын толук реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңылоо иштери келерки жылдын башында жыйынтыкталат. Жалпысынан $5 миллион сарпталат.

Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун быйыл жазында Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган.

Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. Учурда театрдын чыгармачыл курамында 60тай адам бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика