Жолугушуу учурунда өлкө башчылары Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алышат. Иш-чара Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.
Тажикстан ТИМи маалымдагандай, 16-сентябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларус башчысы Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Орусия президенти Владимир Путин жана ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышат.
Күн мурун Беларус Коопуздук кеңешинин башкы катчысы Александр Вольфович «СБ. Беларусь сегодня» гезитине ЖККУ өлкөлөрүнүн контингенти Тажикстанга жайгашуусу мүмкүн экенин айткан. Ал Ооганстандагы соңку кырдаал трансулуттук коркунучтардын көбөйүшүнө алып келиши ыктымалдыгын, мындан улам Тажикстандын аскер күчтөрүн бекемдөө зарылдыгын белгилеген.
17-сентябрда өтө турган ШКУ жыйыны уюмдун түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына арналат. Иш-чарага Индиянын премьер-министри Нарендра Моди (онлайн), Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Кытай төрагасы Си Цзиньпин (онлайн), Пакистан премьер-министри Имран Хан, Орусия президенти Владимир Путин, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев катышат. Тажикстанга биринчи жолу президент катары Ирандын президенти Ибрахим Раиси келет. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жыйынга ардактуу конок катары катышат.