14:37, 13 сентября 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда коронавируска каршы 522 миң 144 адам вакцинанын эки дозасын алса, 737 миң 575 киши бир дозаны алышты. Бул тууралуу vc.emed.gov.kg булагы маалымдайт.
Улуттук план боюнча 3,4 миллион адам эмдөөдөн өтүшү керек. Ага 18дан өйдөнкү жарандар киргизилген. Учурда эмделгендер анын 15 пайызын түзөт.