Чек арада кармалган кыргыз жараны Тажикстанда үй камагына чыгарылды

12:22, 13 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Чек арада кармалган кыргыз жараны Кубанычбек Акматов Тажикстанда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштеп башкармалыгы билдирди.

Алардын айтымында, Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматов учурда Ходжент шаарында турат.

«Ал азыр абакта эмес. Мунапыс менен биртоло бошотулуп, 2-3 күндө келип калышын күтүп жатабыз», — дейт атасы Абдилахат Акматов.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Акматов тоодо дары чөп терип жүргөн жерде тажик чек арачылары тарабынан кармалган.

45 жаштагы Кубанычбек Акматов дыйканчылык менен алектенип, 7 баланы чоңойтуп келет.