14:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чек арадан кармалган кыргыз жараны Тажикстанда үй камагына чыгарылды

Чек арадан кармалган кыргыз жараны Тажикстанда үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты кармалган жарандын атасы Абдилахат Акматов «Азаттыкка» билдирди. Ал уулу менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал учурда Тажикстандын Хожент шаарында үй камагында экенин айтты:

«Уулумду Тажикстандын ичинде үй камагына чыгарыптыр. Азыр эле телефондон сүйлөштүм. Эч жакка кетпөө тууралуу тилкат жазып бериптир. Кожентте тааныштардын үйүндө турат. Кечээ документтерин, кийим-кечесин берип жибергем».

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматовду кармап кеткен.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, Акматовду тажик чек арачылары транзиттик жолдо кармап кетип, ага Тажикстандын жарандарына чөп сатууга аракет кылган деген айып койгон. Кармоо учурунда Кыргызстандын жаранынан болжол менен 100 килограмм альп ферула чөбү табылганы айтылган.

Тажик тарап ал Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын кабарлаган.

Баткендик тургунду бошотуу боюнча эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын башчылары сүйлөшүп жатканы маалымдалган.

Төрт ай мурда Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Коңшу мамлекеттин күч кызматтары буга чейин төрт кыргызстандыкты чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен кармап, бир жаранды беш жылга эркинен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар