Кеңеш айылындагы контейнерде окуган окуучулар быйыл жаңы мектепке киришет

15:55, 10 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерде окуган окуучулар быйыл жаңы мектепке киришет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.

«15-сентябрда мектеп ачылат. Балдар окуп баштайт. Айрым бүтпөгөн иштер бар, алар бүткөрүлөт», — дейт обладминистрация.