USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова кармалды

11:03, 10 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова кармалды. Бул тууралуу анын партиялаштары билдирди.

Маалыматка караганда, Орозайыр Нарматова бүгүн таң эрте 5.00дө Ош аэропортунан кармалган.

«Ал Москва учуп кетмек. Аэропортко милиция кызматкерлери келип, кармаш кетишкен. Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимти бар экенин айтышкан», — дейт партиялаштары.

Алар Орозайым Нарматовага каршы кандайдыр бир кылмыш иши бар экенине ишенишпейт.

«Бул саясый куугунтуктоо гана. Эгер укук коргоо органдарынын суроосу болсо Орозайым үйдө жүргөндө келишсе болмок. Ал бир тууган агасынын сөөгүн Кыргызстанга алып келип, жерге берип, кайра учуп кеткени жаткан», — дейт жакындары.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика