Мурдагы депутат Исхак Пирматов 300 миң сом айып төлөмөй болду

17:06, 09 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Мурдагы депутат Исхак Пирматов коррупцияга күнөөлүү деп аныкталып, мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөмөй болду. Бул туурасында Биринчи май райондук соту кабарлды.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 9-сентябрдагы өкүмүнө ылайык, И.А.Пирматов Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата 3 миң эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди», — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, Исхак Пирматов 31-майда кармалган. Ал эми 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Саясатчы Кумтөр иши боюнча коррупциялык ишке шектелген болчу. Ал эми 22-июлда бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде камактан чыгарылган эле.