17:02, 09 сентября 2021, Бишкек - 24.kg
Армейский көчөсүнүн Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык ондоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Көчөнүн узундугу 480 метр, ал эми туурасы 7 метрди түзөт. Көчөнүн бир жагына жөө адамдар өтүүчү өтмөк, экинчи жагына арык тармагы салынды. Бул көчөдө № 53 мектеп жайгашкан, ошондуктан биринчи кезекте жол белгилери жана чийиндери чийилген.
Жөө адамдар өтүүчү өтмөктү курууга тоскоолдук жараткан тосмолор кызыл сызыктан чыгып, аны жылдыруу учуру узак убакка созулуп, жумуш кечирээк аяктады.