20:50
USD 84.80
EUR 99.50
RUB 1.16

Түшүм аз. Быйыл 46 пайызга аз дан эгини бастырылды

Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери) 380 миң гектар аянттан жыйналды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, андан 536 миң тонна дан бастырылды.

«Бул өткөн жылга салыштырмалуу 46,8 пайызга аз», — дейт Статком.

Мында, жалпысынан республика боюнча дан эгиндери үстүбүздөгү жылы чабыла турган аянтынынан 66% жакын аянты жыйналып алынды, анын ичинде Нарын облусунун чарбаларында — 2,3%, Ысык- Көл — 34% жана Талас облусунун чарбаларында — 59% аянты жыйналып алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар