Октябрда митингдерге катышкан Тата Уланга Садыр Жапаров саат берди

11:32, 09 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Өткөн жылы октябрь айында өткөн митингдерге катышып, ырдаган ырчы Тата Улан президент тарабынан сыйланды. Бул тууралуу ал Facebook аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров анын сын пикирлерине карабай кол саат тапшырды.

Фото

«Атамбаевди сындасам 10 жылдык сүргүнгө сүрдү эле, Садыр аба чын эле айкөл адам экен сындасам саат берди. Эми ыраазымын Садыр аба», — дейт ырчы.