22:56
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 104 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 9-сентябрга карата коронавирус дагы 104 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 61, Ош шаары — 1, Чүй облусунда — 16, Талас облусунда — 3, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 137 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 69, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 28, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 698 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 122 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 883 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 48 киши айыгып чыкса, 2 миң 563 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар