Жогорку Кеңешке шайлоого жарым миллиарддан ашуун сом сарпталмакчы

18:25, 08 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн болжол менен 602 млн. сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 8-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, сарпталчу каражат алдын ала эсептелгендиктен шайлоого жакын анын суммасы өзгөрүшү ыктымал.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анын расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин аныкталат.

Жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан турат. Депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.