03:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 97 кишиден вирус аныкталып, 4 киши каза болду

Кыргызстанда 8-сентябрга карата коронавирус дагы 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 47, Ош шаары — 3, Чүй облусунда — 22, Ош облусу — 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 166 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 81, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 31, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 34, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 721 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 134 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 801 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 535 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 779 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 911 киши айыгып чыкса, 2 миң 561 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар