Бактыбек Бекболотов Коргоо министри болуп дайындалды

09:21, 07 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Бактыбек Бекболотов Коргоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Бактыбек Бекболотов Куралдуу күчтөрдүн полковниги, Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн. Акыркы жылдары «Бишкек машина куруу заводу» акционердик коомун жетектеп келди.

Мурдакы министр Таалайбек Өмүралиев кечээ кызматтан алынган.