00:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Reuters: «Талибан» учактар менен учкучтарды кайтаруу үчүн Ташкентке кысым көрсөт

Өзбекстанда убактылуу лагерлерде жашап жаткан ооган учкучтары Ташкент аларды Ооганстанга кайра кайтарып жибереби деп кооптонушууда. Reuters АКШнын эвакуациясын үч аптадан бери күтүп жаткан учкучтар тууралуу эксклюзивдүү материал даярдаган.

Августта «Талибан» кыймылы Мазари-Шариф шаарын басып алгандан кийин ооган учкучтары Өзбекстанга качып барышкан. Алар менен Reuters журналистти телефон аркылуу сүйлөшкөн.

«Эгер бизди кайра артка кайтарса, алар бизди өлтүрүп коюшат», — деген учкучтардын бири. Аты-жөнүн атагысы келбеген учкучтун айтымында, лагерде болжол менен 465 киши бар.

АКШнын Өзбекстандагы мурунку элчиси Жон Хорбсттун пикиринде,"Талибан" учкучтарды экстрадициялоо боюнча Ташкентке кысым көрсөтүүдө. «Расмий Ташкент талибдер менен жакшы карым-катнашта болгусу келет», — деди Хорбст

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү ушул тапта Кошмо Штаттар Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Өзбекстан өкмөтү Reuters агенттигинин суроолоруна жооп берген эмес.

Учкучтардын айтымында, лагерде алардан башка Ооганстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жана Аскер аба күчтөрүнүн техникалары бар. Алардын айрымдары үй-бүлөлөрүн үчүнчү өлкөгө кетирип жиберүүгө үлгүргөн. Бирок көбү Ооганстанда калып калган.

Эң көп окулган жаңылыктар