20:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Түндүк электр» жети миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөрүн эскертти

«Түндүк электр» мамлекеттик ишканасы 6-сентябрдан тартып Бишкекте 7200 абоненттин жарыгын карызы үчүн өчүрөт. Мекеменин басма сөз кызматы карызы барлар электр энергиясы үчүн 6,4 млн. сомдон ашуун акчаны төлөбөй жатканын маалымдады.

Электр жарыгы үчүн карызы бары-жогун «Түндүк электр» ишканасынын кардарлары кол телефонундагы тиркеме аркылуу же 1209 номуруна түз чалып биле алат.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Акыркы жылы керектөө өндүрүлгөн энергиядан ашып түшкөнү, андан улам таңкыстык жаралып жатканы кабарланган.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги кризистен чыгуу үчүн быйыл Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алууну макулдашкан. Келишимге ылайык, өкмөт аны үч жыл ичинде жай айларында кайра электр түрүндө кайтарып бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар