Мерием Үзерли кыргызстандык дизайнердин көйнөгүн жарнамалады

15:49, 06 сентября 2021, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Белгилүү түркиялык актер Мерием Үзерли кыргызстандык дизайнер Айкын Арипованын көйнөгүн кийип маалымат жыйынга катышты. Бул тууралуу «Даңазалуу доор» тасмасынын каарманы өзү инстаграм баракчасында жарыялады.

Фото

Социалдык тармакта Мерием Үзерлинин бут кийими дагы жергиликтүү дизайнерлердин бирине таандык экени айтылды.

Белгилей кетсек, Мерием Үзерли кечээ Кыргызстанга келип, бүгүн ал маалымат жыйын өткөрдү.

Мерием Үзерли 2019-жылы кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан уюштурулган Asian World Film Festival фестивалынын калыстар тобуна мүчө болгон.