Азиз Аалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болду

13:36, 06 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аалиев 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Ага чейин фонддун башкармалык мүчөсү, өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүн башкарган.

Аалиев Айбек Жунушалиевдин ордуна келди. Жунушалиев 12-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткарып, 26-августта мэр болуп шайланган.