Акжол Махмудов өспүрүмдөргө ачык машыгуу өткөрдү

08:58, 06 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Ош шаарында өспүрүм спортчулар үчүн машыгуу жана мастер-класс өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирип, машыгуунун видеосун Instagram баракчасына чыгарды.

Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси түштүк борбордогу жаш спортчуларга күрөштөгү тажрыйбасы менен бөлүштү.